2014-жылы запаска бошотулган 400 аскер кызматкери кайра даярдоо курстарынан өткөн
Жогорку Кеңештин депутаты Алмазбек Баатырбеков 10-февралда НАТОнун Борбор Азия өлкөлөрү менен байланыш жана кызматташуу бюросунун башчысы Александр Винников менен жолугушту.
Автор: Автандил Добулбеков
Винников Социалдык адаптация жана запастагы аскер кызматкерлерин кайра даярдоо программасы тууралуу маалымат берди. 2014-жылы запаска бошотулган 400 аскер кызматкери кайра даярдоо курстарынан, анын ичинде бизнес курстарынан, компьютердик сабаттуулук боюнча окуудан өткөнү, ал эми алардын 150сү англис тили курсуна барганы айтылды.
Баатырбеков Кыргызстандын запаска бошотулган аскер кызматкерлерин социалдык адаптациялоо жана кадрларды кайра даярдоо боюнча долбоорду колдой турганын айтып, "тараптардын кызматташуусу мындан ары дагы ушундай нукта уланарына ишенем" деп билдирди.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:24
2025-07-21

12:59
2025-07-19
Рейтинг:
0

