Борбордогу "Көпөлөк" аттуу рейддин алкагында милицияга сойкулук менен алектенген 52 кыз алынып келди

Борбор калаада жүргүзүлгөн "Көпөлөк" рейдинин алкагында милицияга сойкулук менен алектенген 52 кыз алынып келди. Бул тууралуу бүгүн, 10-февралда SUPER.KG порталына Адамдарды соодалоо жана коомдук адеп-ахлакка каршы кылмыштар менен күрөшүү башкармалыгынын башчысынын орун басары Адилет Илипбеков билдирди.
"Январь айынын соңунда жүргүзүлгөн рейддин алкагында борбордогу Ибраимов көчөсүнөн милицияга сойкулук менен алектенген 61 адам алынып келген. Иликтөө иштеринин алкагында алардын 52си сойку, алтоо сутенёр жана 3 жаран аларды ташып иштеген айдоочу экени аныкталган. Ошондой эле сойкулук менен алектенгендердин арасында жашы жете элек кыз бар экени да белгилүү болгон",- дейт ал.
Белгилүү болгондой, учурда ал жерди иштеткен К.Ы. аттуу айымга карата "жашы жете элек кызды сойкулукка тартуу" боюнча кылмыш иши козголуп, ал камакка алынды.


bulardy orttogongo ech kimdin akysy jok.ALLAH ozu jazailait bulardy. bulardynda jawaganga akysy bar bir kun bolboso bir kun akylyna kelet kichine oilonup suilochu uwunu okup ozunda akykyna keleersin
Мындайларга эркектер кантип барат кантип аппетит тартат? Силер барбай койсонор эле жоюлуп кетет эле го деп ойлойм
.Азаматсынар милиция кызматкерлери.Эми иностранец деген рейд жургузсонор андан да жакшы болмок.Кыйтай басып кетти борборубузду.