Өзгөндөгү "Сары-Таш" кенин иштетүү лицензиясы аукционго коюлат
Ош облусунун Өзгөн районундагы "Сары-Таш" кенин иштетүү (баалуу ак таш кени) лицензиясы аукционго коюлат. Бул тууралуу 10-февралда өкмөткө караштуу Геология жана минералдык ресурстар агенттигинен билдиришти. Аукцион быйыл 26-мартта Өзгөн районунун Түз-Бел айылындагы Турдубаев орто мектебинде өтмөкчү. Аталган кенди иштетүү укугуна ээ болууну каалагандар аукционго катышуу үчүн документтерин 20-марттан кечиктирбей бериши керек. Документтерди кабыл алуу дареги: Бишкек шаары, Эркиндик бульвары-2, 225-бөлмө.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:24
2025-07-21

12:59
2025-07-19
Рейтинг:
0

