6 ирет Азия оюндарында медаль уткан кыргызстандык веложарышчы Евгений Ваккерге атайын сыйлык тапшырылды

Кыргызстандык веложарышчы Евгений Ваккер Азиянын веложарыш конфедерациясынын "ACC Merit Award" деп аталган атайын сыйлыгына татыды. Бул тууралуу аталган спорт түрү боюнча федерациядан кабарлашты.
Маалыматка ылайык, 9-февралда Таиландда өтүп жаткан Азия биринчилиги маалында аталган конфедерациянын жыйыны болгон. Ага 39 Азия өлкөсү катышкан. Көптөгөн катышуучулар Ваккердин Азиядада катары менен 6 медаль уткан жалгыз спортчу экенин эске алып, сыйлык тапшыруу чечимин кабыл алышты. Сыйлыкты спортчуга конфедерациянын президенти Чо Хи Вук тапшырды.
Кошумчалай кетсек, Евгений Ваккер 4 жылда бир өтүүчү Азия оюндарына алгачкы ирет 1994-жылы катышып, күмүш тагынган. Мелдештин андан кийинки уюшулуусунда ал коло тагынган. Акыркы 4 мелдеште болсо спортчу мара сызыгын катары менен экинчи болуп кесип өткөн. Алардын катарында 2014-жылы Түштүк Кореянын Инчхон шаарында өткөн Азия оюндарынын күмүш медалы да бар.





1 |