super.kg logo
  Саясат  

"Ата Мекен" юстиция министрлигине талапкер тандай элек

 
Парламенттеги "Ата Мекен" фракциясы юстиция министри кызматына талапкер тандай элек. Муну 10-февралда SUPER.KG порталына депутат Туратбек Мадылбеков билдирди. Депутат бул маселе фракциянын кезектеги отурумунда каралышы мүмкүн экенин кошумчалады. "Алмамбет Шыкмаматовду президент кызматтан бүгүн бошотту, кимди талапкер кыларыбыз эми белгилүү болот. Бул теманы буга чейин фракцияда талкуулаган эмеспиз, азырынча божомол айтуу да кыйын",- деди Мадылбеков. 
Айта кетсек, мурунку юстиция министри Алмамбет Шыкмаматов ("Ата Мекендин" квотасы боюнча) жакында өз каалоосу менен кызматтан кетүүгө арыз жазып, бүгүн мамлекет башчы тарабынан кызматтан бошотулду.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: