super.kg logo
  Саясат  

Жоомарт Оторбаев Кыргызстанды газ менен камсыздоо Чүй облусунан башталарын айтты

 

КРнын Премьер-министри Жоомарт Оторбаев өкмөттүн Чүй облусундагы атайын жана ыйгарым укуктуу өкүлү Канатбек Исаев менен жолугушту. Жолугушууда 2014-жылы облус аймагында аткарылган иштер жана 2015-жылга карата пландар талкууга алынды. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, жолугушууда өкмөт башчы "Министр байланышта" акциясынын экинчи этабы башталганын айтып өттү. Бишкек жана Ош шаарларынын мэрлери, облус башчылары калк менен тыгыз байланышта болуусу керектигин белгилеп: "Мындай акция жакшы натыйжа алып келди. Статистикалык маалыматка таянсак, 2014-жылы калкка болгон өкмөттүн ишеними 5 эсеге өскөн",- деди премьер-министр. 

Жоомарт Оторбаев Кемин районунда жардыргыч заттарды чыгаруучу заводду куруу маселесинин маанилүүлүгүн айтты. Ошондой эле тараптар Кыргызстанды газ менен камсыз кылуу Чүй облусунан башталарын, Токмоктогу мунайды кайра иштетүүчү заводдун ишин жана башка ишканалардын ишмердүүлүгүн талкууга алышты.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: