super.kg logo
  Саясат  

Чек ара маселелери боюнча өкмөттүк комиссиянын жыйыны өттү

 

Бүгүн, 10-февралда КРнын Вице-премьер-министри Абдырахман Маматалиевдин төрагалыгы алдында Чек ара маселелери боюнча өкмөттүк комиссиянын жыйыны өттү. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди. 

Белгилүү болгондой, жыйында талкууланган көйгөйлөр боюнча аталган комиссия тийиштүү чечим кабыл алган. "Коомдук коопсуздукту сактоо жана жарандардын коопсуздугун камсыздоо максатында чек ара аймактарында өкмөттүк комиссия бир топ иштерди аткарды. Бул жылы аткара турган, чечиле турган маселелерди тактап, аларды чечүүгө тезинен киришүү зарыл",- деди вице-премьер-министр.

Чек ара маселелери боюнча өкмөттүк комиссия аймактардагы чек араны делимитациялоо жана демаркациялоо маселесин чектешкен өлкөлөр менен чечүү, сүйлөшүү жана жолугушууну уюштурган аткаруучу орган болуп саналат. 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: