Жоомарт Оторбаев юстиция министрлигине Жылдыз Мамбеталиеванын талапкерлигин парламентке сунуштады
Жылдыз Мамбеталиева
Премьер-министр Жоомарт Оторбаев Кыргызстандын юстиция министри кызматына Жылдыз Мамбеталиеванын талапкерлигин сунуштады. Сунуш Жогорку Кеңешке киргизилгенин өкмөттүн басма сөз кызматы бүгүн, 10-февралда кабарлады. Эскерте кетсек, аталган министрликти буга чейин жетектеп келген Алмамбет Шыкмаматов өз каалоосу менен арыз жазганына байланыштуу бүгүн кызматтан бошотулду.
Автор: Автандил Добулбеков
Жылдыз Мамбеталиева
Туулган жылы - 1971-жыл, 26-январь.
Туулган жери - Бишкек шаары.
Улуту - кыргыз.
Билими - жогорку, адистиги - укук таануу.
Билген тилдери - кыргыз, орус, англис.
Акыркы мезгилде иштеген кызматтары:
2005-2008-жылдары Кыргызстандын өкмөтүнүн аппаратында Укуктук камсыз кылуу жана кадрлар кызматы бөлүмүнүн башчысынын орун басары, 2008-жылдан бери юстиция министринин орун басары болуп иштейт.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
16:11
2025-11-10
15:14
2025-11-10
Рейтинг:
0
0
Талкуу жабык.

Супер-Инфо
super.kg видео
















