Бильярддын кураштырма пирамида түрү боюнча Бишкек шаарынын биринчилиги аяктады




















Бүгүн, 10-февралда Бишкекте бильярддын кураштырма пирамида түрү боюнча Бишкек шаарынын биринчилиги аяктады. 50дөн ашуун бильярдчынын катышуусундагы мелдеш 2 күнгө созулду. Атаандаштар иргелип, финалга Нурбек Эшбаев менен Канат Сыдыков чыгышты. Жыйынтыгында 6:3 эсебинде Канат Сыдыков жеңишке жетишти.
кошулду
Автор: Максат Кудайбердиев
Фото: Максат Кудайбердиев
Байгелүү орундарды ээлеген спортчуларга токтоло турган болсок, 3-орунду Ызат Раатбеков багындырса, 4-орунду Актан Мурзалиев камсыздады. Кийинки 4 орунду Иляс Адамов, Дастан Лепшаков, Бектур Арзыматов жана Назим Ахмедов өз ара бөлүшүштү. Сыйлык тапшыруу аземинин жүрүшүндө КРнын Бильярд спорту боюнча федерациясынын президенти Турсунбай Бакир уулу төмөнкүлөргө токтолду: "Казакстанда өтө турган Дүйнө чемпиондугуна катышуучу курама командабызга бүгүнкү күндүн финалчылары Нурбек Эшбаев менен Канат Сыдыков да кошулушту. Өткөн жыл кыргызстандык бильярдчылар үчүн ийгиликтүү жылдардан болгонун билесиздер, Дастан Лепшаков жаштар арасында, Каныбек Сагынбаев чоңдор арасында Дүйнө чемпиондугун багындырган. Быйыл да андан кем эмес ийгилик жаратканга аракет кылалы".
Кошумчалай кетсек, буга чейин Ош шаарында өткөн өлкө биринчилигинде алдынкы 2 орунду ээлешкен Дастан Лепшаков менен Келдибек Исмаиловго да Дүйнө чемпиондугуна жолдомо берилген.
кошулду
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(2)
taalai.torkent

10.02.2015. 21:41
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Алга кыргыз алгааааа
Ern

10.02.2015. 21:46
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Каныбек Сагынбеков эмне бильярд ойнобой койгонбу?
1 |
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.