2015-жылы бюджеттик ссуда жана чет өлкөлүк насыялар боюнча карызды кайтаруудан 2 миллиард сом түшөрү күтүлүүдө
2015-жылдын январында бюджеттик ссудалар жана чет өлкөлүк насыялар боюнча карыздарды кайтаруудан 331 миллион 300 миң сом түштү. Бул тууралуу Каржы министрлиги билдирди. Мунун ичинде:
- негизги карыз – 162 миллион 81 миң сом;
- пайыздар жана айып пулдар – 168 миллион 49 миң сом.
"2015-жылга бюджеттик ссудалар жана чет өлкөлүк насыялар боюнча республиканын чарба жүргүзүүчү субъекттеринин карыздарын кайтаруудан түшүүчү сумманын божомолу 2 миллиард 8 миллион 94 миң сом, анын ичинде: негизги карыз – 1 миллиард 223 миллион 470 миң сом, пайыздар жана айып пулдар – 785 миллион 470 миң сом",- деп билдирет мекеме.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
16:11
2025-11-10
15:14
2025-11-10
Рейтинг:
0
0
Талкуу жабык.

Супер-Инфо
super.kg видео
















