super.kg logo

Катуу сабалып, зордукталган 2 жаштагы бала сырткы таасирлерге реакция кылып жатат, бирок өзүнө келе элек

 
Катуу сабалып, зордукталган 2 жаштагы бала сырткы таасирлерге реакция кылып жатат, бирок өзүнө келе элек. Бул тууралуу бүгүн, 11-февралда SUPER.KG порталына Шаардык медициналык тез жардамдардын балдар клиникалык ооруканасынын башкы дарыгери Талантбек Өмүрбеков билдирди. 
"Кечээ күнү баланы оорукананын жалпы дарылануучу бөлүмүнө котордук. Мындан ары анын жандандыруу бөлүмүндө калуусунун кажети жок. Ошол себептен улам аны жалпы бөлүмгө которуп, аны күнү-түнү атайын жалданган 3 дарыгер карамакчы. Ал дале эсине келе элек, бирок кичинеден тамак жутуп жатат. Сырткы нерселерге реакция кылып жатканы менен, ал эсине келген жок. Учурда ал рефлектордук реакция ("подкорковая") жасап жатат. Мисалы, үн чыгарсаң ал да үн чыгарып, бир жери ооруса гримаса (оозу-башын кыйшаңдатуу, мурдун чүйрүү) кылат. Анын көзү көрбөй же кулагы укпай калган деп айтуу азырынча кыйын. Бул ай дагы аны көзөмөлдөп, анын абалына жараша мындан аркы кадамдарды жасамакпыз. Азыркы учурда аны өзүнүн калыбына келтирүү иштери кызуу жүрүүдө",- дейт Т.Өмүрбеков. 
Анын айтымында, бала башынан оор жаракат алып жана тиешелүү медициналык жардамсыз көп убакытка жатып калган. Адам эсин жоготкондон баштап канчалык тез убакытта жардам көрсөтүлсө, анын жакшы болушуна өбөлгө болот. Ал эми бул бала узак убакыт медициналык кароосуз жатып калгандыктан, анын өзүнө келүүсү оорураак жана узак болууда. 
"Баланы караган 3 медициналык кызматкерге айлык акысын берүү үчүн акча жок болуп жаткан. Бүгүн калаанын вице-мэри жана Свердлов районунун акими өз чөнтөктөрүнөн керектелүүчү акчаны алып келип беришти. Андан сырткары бул балага жардам беребиз деген каалоочулар көп. Алар "Балдарды коргоо лигасы" бул балага ачып берген банктык эсепке гана которо алышат. Ал жакынкы арада коомчулукка жарыяланмакчы",- деп кошумчалады дарыгер. 





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(9)
11.02.2015. 14:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Аллахым ушул бала тезиреек бутуна туруп чуркап ойноп калса екен омурун бер, бешенесине жакшы кундорду жазчы ылайым ушул келечекте ели жерине кызмат кылган балдардан болсунчу ушунча азап тартты мындан кийин азап кайгы башына тушпосунчуу Ооо жараткан Аллах
11.02.2015. 15:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
суйунучтуу кабар болду. кутуп журдум жакшы кабар болсо экен ушул баладан деп .счетту кандай тапсак болот же кайсы банкка экенин билгендер болсо айтып койсонуздар сураныч.азда болсо оз кошумчамды кошсом дейм.
11.02.2015. 15:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Т.Омурбеков сизге да рахмат оз уулунуздай конул буруп караганынызга башка врачтарды коруп атабыз конул бурбай койушуп таза еле баланы майып кылып койуп жатышат
11.02.2015. 15:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Аллахым шыпа берсин!
11.02.2015. 15:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Оо кудайым озуно келип калсын эми ылайым
11.02.2015. 21:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Жаша балакай, келечегин кен болсун!
11.02.2015. 21:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
иии жакшы кабар кутуп журдум эле Жакшы болду кубанычтамын.омуру узун болсун, бактылуу балалык каалайм
11.02.2015. 23:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
омуру узун болсун
12.02.2015. 03:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
бул бала эми жалпы кыргыз элинин баласы болуп калды.ден-соолугунду кудай берсин.билебиз кыйналып атасын.баары жакшы болот,а сени кыйнагандар сот алдында ЭЛалдында Кудай алдында жооп беришет.аман бол уком жараткандан сага ден соолугунду суранабыз.сен бизди таштап кетпе.дайыма сени менен Кыргызстан
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: