Камсыздандыруу төгүмдөрүн төгүүнү кечиктиргендерге айып пул салынмакчы
"Камсыздандыруу төгүмдөрүн өз учурунда төкпөгөндөргө айып пул салынат",- деп билдирди Социалдык фонддун төрагасы Мухаммедкалый Абылгазиев Жогорку Кеңештин 11-февралдагы жыйынында. Анын билдиришинче, Бишкектеги ири компаниялар камсыздандыруу төгүмдөрүн өз учурунда төкпөй жатышат. Ал эми төгүмдөрдү төкпөгөн жактарга айып пул салуу алардын жоопкерчилигин күчөтөт. Жыйында Социалдык фонддун 2013-жылга бюджетинин аткарылышы жөнүндө маалымат угулууда. "2013-жылдын жыйынтыгында Социалдык фонддун бюджетинин киреше бөлүгү 34 миллиард 650 миллион сомду, чыгаша бөлүгү 34 миллиард 22 миллион сомду, бюджет калдыгы 628 миллион сомду түзгөн",- деди Абылгазиев.
Автор: Жамалидин Парманкулов
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:24
2025-07-21

12:59
2025-07-19
Рейтинг:
0

