2015-жылдын сентябрь айында пенсиянын көлөмү көтөрүлөт
Бүгүн, 11-февралда Жогорку Кеңеште Социалдык фонддун 2013-жылга бюджетинин аткарылышын талкуулап жатып аталган фонддун төрагасы Мухаммедкалый Абылгазиев: "2015-жылдын сентябрь айында пенсиянын көлөмүн 450 миллион сомго көтөрүү пландалууда",- деп билдирди.
Автор: Жамалидин Парманкулов
Анын айтымында, бул үчүн өкмөттөн жана Социалдык фонддун резервинен акча бөлүү каралып жатат. "Октябрь айынан тартып көтөрөлү деп жатканбыз, бирок президент Алмазбек Атамбаев экономикалык шартка жана Кыргызстандын Бажы биримдигине кирип жатканына байланыштуу пенсиянын көлөмүн көтөрүүнү тездетүү талабын койгон, биз сентябрь айына пландап жатабыз",- деди Абылгазиев.
Жыйында депутат Равшан Жээнбеков пенсионерлердин пенсиясын шайлоо алдында көтөрүү шайлоого катары саясий упай алуу максатында иштелип жатканын айтып чыкты.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:24
2025-07-21

12:59
2025-07-19
Рейтинг:
0

