Тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаев Египетте билим алып жаткан кыргыз студенттери менен жолугушту
Египеттин борбору Каирде өтүп жаткан Ислам кызматташуу уюмунун саммитине катышкан КРнын Тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаев аталган өлкөдө окуп жаткан кыргыз студенттери менен жолугушту. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы маалымдады. Белгилүү болгондой, жолугушуу учурунда Абдылдаев студенттер менен алардын окуусу жана жашоо шарттары тууралуу сүйлөштү. Эске сала кетсек, 6-7-февралда Каир шаарында Ислам кызматташуу уюмунун 12-саммити болуп өттү. Анда мусулман мамлекеттеринен келген 57ден ашык өкүл катышты.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
19:52
2025-06-26
13:13
2025-06-26

Рейтинг:
0

