"Пенсия курагына жетпей каза болуп калгандардын Социалдык фондго төккөн акчасын балдарына которуу керек" дешти депутаттар
Жогорку Кеңештин 11-февралдагы отурумунда депутат Курмантай Абдиев пенсия курагына жетпей каза болуп калган адамдардын Социалдык фондго төгүп келген акчалары кайда калып жатканына кызыкты. Абдиев Социалдык фонддун төрагасы Мухаммедкалый Абылгазиевге кайрылып: "20-30 жыл эмгектенип, ай сайын алган айлыгынан социалдык төгүмдөрдү төгүп келип, бирок пенсия албай каза болуп калгандар бар. Алардын төгүп келген акчалары жөн эле фонддо калып калабы, балдарына өткөрүлүп берилиши керек",- деди.
Автор: Жамалидин Парманкулов
Абылгазиев буга мыйзам жол бербей турганын айтты. "Фонддун резервинде эле калат, которуп берүү жагы мыйзамда каралган эмес. Ошондуктан жакында пенсияга жетпей каза болуп калган адамдын төгүмдөрүн балдарына которуп берүү боюнча демилге алып чыгабыз",- деди Абылгазиев.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
11:48
2025-07-23

10:24
2025-07-21

Рейтинг:
0

