super.kg logo
  Саясат  

Жогорку Кеңеш Социалдык фонддун 2013-жылкы бюджетинин аткарылышын жактырды

 

Жогорку Кеңеш 11-февралда Социалдык фонддун 2013-жылга бюджетинин аткарылышы жөнүндө мекеме башчысынын отчётун укту. Соцфонддун төрагасы Мухаммедкалый Абылгазиевдин айтымында, 2013-жылдын жыйынтыгында бюджеттин киреше бөлүгү 34 миллиард 650 миллион сомду, чыгаша бөлүгү 34 миллиард 22 миллион сомду, бюджеттин каржы калдыгы 628 миллион сомду түздү. 

Эсептөө палатасынын өкүлү 2013-жылга карата Социалдык фонддун ишинде орчундуу кемчиликтер кетирилбегенин, айрым кемчиликтерди жоюу боюнча көрсөтмөлөр берилгенин билдирди.

Талкууда каражатты үнөмдөө максатында аскер кызматкерлеринин пенсиялык жаш курагын 47 жаштан 57 жашка чейин жогорулатуу, инфляция өлчөмүнө жараша пенсияны маал-маалы менен көтөрүп туруу, каза болгон жарандардын пенсиялык топтомунда чогулган каражаттарды үй-бүлөсүнө кайтарып берүү тууралуу сунуштар айтылды.

Жыйынтыгында депутаттар Социалдык фонддун 2013-жылдагы аткарылган иштери боюнча отчётун кабыл алышты. 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: