Жогорку Сот “Нурлан Амановду өлтүргөн” деп шектелгендердин экөөсүн үй камагында калтырды
Жогорку Сот “Нурлан Амановду өлтүргөн” деп шектелгендердин экөөсүн үй камагында калтырып, төртөөнүн баш коргоо чарасын кайра карап чыгуу үчүн ишти Чүй облустук сотуна жөнөтү. Бул тууралуу бүгүн, 11-февралда Нурлан Амановдун жакындары билдиришти.
Айта кетсек, үстүбүздөгү жылдын 7-январынан 8-январына караган түнү Сокулук районунун Конуш айылында Нурлан Аманов тургундар тарабынан сабалып каза болгон. Тургундар Амановду “ар кимге зордук-зомбулук көрсөтүп, 1972-жылы туулган Рустамбек аттуу айылдашын зордуктаган” деп айыпташкан. Бул боюнча кылмышка шектүү катары 6 адам кармалган, бирок аларды Сокулук райондук соту үй камагына чыгарган. Буга макул болбогон маркумдун жакындары жогорку инстанциядагы сотко кайрылышкан.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:35
2025-06-28

17:50
2025-06-27
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.