super.kg logo
  Саясат  

Соцфонддун 2014-жылга бюджети жана 2015-2016-жылдарга божомолу жөнүндө мыйзам долбоорун парламент 1-окууда карады

 

Бүгүн, 11-февралда Жогорку Кеңеште “Кыргызстандын Социалдык фондунун 2014-жылга бюджети жана 2015-2016-жылдарга божомолу жөнүндө” мыйзамга өзгөртүүлөрдү жана толуктоо киргизүү тууралуу” мыйзамдын долбоору каралып, биринчи окууда добуш берүүгө жөнөтүлдү.

Соцфонддун төрагасы Мухаммедкалый Абылгазиевдин айтымында, мурда 2014-жылдын бюджетинин таңсыктыгы 14 миллиард 605 миллион сом өлчөмүндө каралып, 2013-жылдын жыйынтыгында 628 миллион сом калдык калгандыктан, бюджеттин каржы калдыгын 602,8 миллион сом көлөмүндө кайра бекитүү сунушталууда.

Талкууда депутаттар Социалдык фонд көп жылдардан бери алынбай келе жаткан аласаларын жоюп, биротоло тазаланып алуу сунушун беришти. Соцфонддун өкүлү бул жаатта иш жүрүп жатканын, жакында бир чечим кабыл алына турганын билдирди.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: