Кожомкул атындагы Спорт Ордосундагы оңдоп-түзөө иштерин, жасалгаларды өрт коопсуздугу боюнча комиссия текшерет




"Учурда Кожомкул атындагы Спорт Ордосунун ичинде дубалдардын боорлору кооздолуп, түрдүү оңдоп-түзөө иштери жүрүүдө. Албетте, бул иштерди аткарууда өрт коопсуздугу эске алынып-алынбаганын жакында комиссия текшерип чыгат". Мындай маалымат менен Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин директору Кадырбек Эргешов бөлүштү.
"Мен аталган жайдын башчысына атайын кат менен кайрылып, өрт коопсуздугунун алдын алуу боюнча тапшырма бердим. Катта "жалгыз спорттук аренабызды жоготуп албайлы" деген маани камтылган. Эгер комиссия туура эмес деп тапса, дубалдардын боорлору толугу менен тазаланат",- деп кошумчалады.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.