super.kg logo
  Саясат  

Кыргызстанда 2015-жылдын октябрь айында пенсиянын орточо көлөмү 4728 сом болору айтылды

 

Жогорку Кеңеш 11-февралда “Кыргызстандын Социалдык фондунун 2015-жылга бюджети жана 2016-2017-жылдарга божомолу жөнүндө” мыйзамдын долбоорун карап, 1-окууда добуш берүүгө жөнөттү.

Соцфонддун төрагасы Мухаммедкалый Абылгазиевдин айтымында, 2015-жылдын бюджет долбоорунун киреше бөлүгүндө 40 миллиард 449 миллион сом, 2016-жылы 42 миллиард 324 миллион сом, 2017-жылы 45 миллиард 641 миллион сом өлчөмүндө каражат каралып жатат. 2015-жылы 128,8 миллион сом өлчөмүндө каржы калдыгы болору күтүлүүдө. Ал 2016-жылдын бюджетине которулат.

Андан сырткары 2015-жылдын октябрь айында пенсия өлчөмү жогорулап, орточо пенсия 4728 сомду түзө турганы айтылды. Ал үчүн бюджет долбоорунда 450 миллион сом каралды. Республикалык бюджеттен да кошумча каражат суралышы мүмкүн. 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: