super.kg logo

Күндүн кескин жылышынан жана арыктардын жоктугунан Ала-Тоо конушундагы турак жайларды суу каптады (фото)

 
Аталган конуштагы Ала-Тоо жана Бел-Мазар көчөлөрүнүн кесилишиндеги мындай көрүнүштүн дагы бир себеби, акыркы жылдары бул аймакта жаңыдан жол курулуп жаткандыктан, жол жээктерине азырынча арыктар салына электигин жергиликтүү бийлик өкүлдөрү айтышууда.
Жол толугу менен бүткөрүлсө, атайын суу өтүүчү лотоктор орнотуларын жергиликтүү бийлик башчылары убада кылышууда. Бирок ага чейин кардын сууларынан пайда болгон селден жергиликтүү калк кантип сактанып турарын айтышкан жок.

2015-жылдын 10-февралында Бишкек шаарынын четинде жайгашкан Ала-Тоо жаңы конушундагы чоң жолдун жээгине суу толуп, жашоочулардын турак жайларына чейин каптап кеткен. Мындай көрүнүш аба ырайынын кескин жылышынан улам болууда. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматы билдирди.

Жергиликтүү жашоочуларга тоскоолдуктар жаралганда, алар Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин адистерин жардамга чакырышкан. Окуяны жеринен иликтөө учурунда мындагы суулардын толушу тургундардын өздөрүнүн көңүл бурбастыгынан улам келип чыкканы маалым болду. Андан сырткары кыш бою эшик алдыларынан тазаланган карлар бир жерге үйүлүп, эшик алдыларында арыктардын жоктугунан кардын суулары кайра турак жайларын каптаган. Ошондой эле бул жайда суу өтүүчү арыктар жана каналдар жок.

"Негизи, республикабыздын аймагындагы турак жайларды сел каптаган көп учурлар жарандардын эшик алдындагы арыктарын тазалабагандыгынан, жергиликтүү бийлик калкка түшүндүрүү иштерин жүргүзбөгөндүгүнөн улам болорун адистер айтып келишет",- деп айтылат маалыматта.

Эскерте кетсек, кечээ, 10-февралда өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары Равшан Рысбаев министрликке караштуу түзүмдүк бөлүмдөр менен аймактык башкармалыктардын жетекчилерине чукул жыйын өткөрүп, февраль айы жылуу жана жаан-чачынга мол болуп, дарыялардагы суулардын деңгээли көтөрүлүп, сел жана суу ташкындарын пайда кыларын эскерткен. Ошого байланыштуу кырсыктардын алдын алуу боюнча бардык чараларды көрүүнү тиешелүү жетекчилерге тапшырган.   






Ала-Тоо конушун суу каптады

Ала-Тоо конушун суу каптады

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Комментарийлер(4)
11.02.2015. 13:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Таза эле балээ болдуго кыргызыма ар тараптан.
11.02.2015. 15:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Элдер оздору эле ашар топтоп бир аз арык салып агызып жиберишпейби уйуно кирип кеткинче карап отура беришпей. Бала чака деле кантип кун корот мындайда.
11.02.2015. 17:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
новостройкаларда жолдун эки тарабында арыктар корунбойт, керек болсо айылда ошондой арыктар бар, каалайсынбы каалабайсынбы жылына бир жолу трактор келип улам из салып турат.
Бул озубуздун тузгон удобствобыз, элдер озулору деле ошону айыл окмотуно айтса кылышат да
Медиа-портал
11.02.2015. 18:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ала-Тоо конушун суу каптаган жок,бул сенин үйүңдүн астында 20 жылдан бери кайталанып келген көрүнүш.Башка көчөлөрдө деле болуп келген,бирок жайдын күнү аракет кылып алдын алып коюшкан.
Видеого тартыпсың ажаткананы да, ошонун чуңкурун өзүңдүн жериңе эмес,ЭЛ колдонгон көчөгө чыгарып сасытып койдуң .Коңшулар жаман көрүнбөйүн деп эч ким бетиңе айтпайт,10-12 үй-бүлө квартиранттарыңдын ызы-чуусу аз келгенсип алардын сасыктарын КӨЧӨгө казып койдуң.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: