11 жыл бою дайыны чыкпай келген кыргызстандыктын паспорту эски болгондуктан, мекенине качан кайта турганы белгисиз

11 жыл бою дайыны чыкпай келген кыргызстандык жаран Муса Маматовдун паспорту 1994-жылдын үлгүсүндө болгондуктан, мекенине качан кайтары белгисиз. Бул тууралуу бүгүн, 11-февралда SUPER.KG порталына Орусиянын Бурятия Республикасынын Улан-Удэ шаарындагы кыргыз диаспорасынын кеңешчиси Алымбек Абжамилов билдирди.
Анын айтымында, ал мигранттарды убактылуу кармоочу жайда отурат. "Аны менен бирге отурган 4 кыргызстандык жакында кетишет. Ал эми М.Маматовдун паспортунун мөөнөтү өтүп кеткен экен. Мындан улам анын кетиши бир аз артка жылат. 1-мартка чейин депортацияланат деп күтөбүз. Аны мекенине жөнөтүү мамлекеттин эсебинен ишке ашырылат. Бирок анын дагы деле кете турган ою жок. Депортация кылып кетирбесек болбой калды",- деди коомдук ишмер.
Мындан тышкары ал учурда М.Маматовдун абалы бир аз жакшы болуп калганын белгиледи.
11 жыл бою дайынсыз болуп келген кыргызстандыкка Орусиядагы жердештери жардам көрсөтүшүүдө





1 |