super.kg logo

Оштун мэри Керме-Тоо аймактык кеңешинин тургундары менен жолугушуп, алардын маселелерин укту

 

Оштун мэри Айтмамат Кадырбаев Керме-Тоо аймактык кеңешинин тургундары менен жолугушуп, жергиликтүү калктын маселелерин укту. Бул тууралуу бүгүн, 11-февралда шаардык мэриядан билдиришти. 

Маалыматка ылайык, жолугушуунун алкагында мэр элдин көйгөйлөрүн, маселелерин, кайрылуу жана сунуштарын укту. Ошондой эле ал өз кезегинде 2014-жылы шаардагы аткарылган жумуштар, жетишкендиктер жана алдыда аткарыла турган иш пландары туурасында айтып берди. 

“Өткөн жыл шаар үчүн ийгиликтүү жыл болгондугун баса белгилегим келет. 2014-жылы жергиликтүү бюджеттин эсебинен шаар калкынын көптөн бери чечилбей келе жаткан маселелерин мүмкүн болушунча чечүүгө аракеттер жасалды. Бул максатка жергиликтүү бюджеттен 71 миллион сомдон ашык сумма жумшалды. Мэриянын шаардын инфраструктурасын өркүндөтүү жана калктын социалдык муктаждыктарын чечүү максатында мамлекеттик-жеке шериктештик принциби менен жүргүзүлүп жаткан ишмердиги ар тараптан колдоого ээ болууда. Жыл ичинде шаар тургундарынын демилгеси менен 164 объект оңдоп-түзөөдөн өткөрүлдү. Бул багытка жалпысынан 144 миллион 370 миң сом жумшалса, анын ичинен калктын салымы 23 миллион 75 миң сомду, ал эми донорлордун каражаты 89 миллион 829 миң сомду түздү”,- деп белгиледи А.Кадырбаев.

Аталган аймактык кеңештин тургундары шаар жетекчисине таза суу, жол маселелери боюнча суроо узатышты. Кадырбаев тургундардын суроолоруна так, тиешелүү жоопторун берип, айтылган маселелерди чечүү боюнча тиешелүү жетекчилерге тапшырмаларды берди. Иш-чарага мэр, мэриянын өкүлдөрү, шаардагы мекеме-ишканалардын жетекчилери жана аймактын тургундары катышышты.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(2)
11.02.2015. 16:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Оштун мэри жакшы иштейт окшойт, калган Талас, Нарын, Каракол ж.б. шаарлардыкы эмне иш кылып жатышканы билинбейт...
Жакшы, ушинтип эле иштей бергиле...
11.02.2015. 22:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ХБК к.р да келип кетсе экен
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: