super.kg logo

Бишкектеги мектептерде улуттук экономиканы бекемдөөнүн алкагында илим, техника жана өндүрүш жумалыгы өтүүдө

 

Борбор калаадагы жалпы билим берүү мекемелеринде улуттук экономиканы бекемдөөнүн алкагында илим, техника жана өндүрүш жумалыгы өткөрүлүүдө. Бул тууралуу Бишкек мэриясынан 10-февралда билдиришти.

Маалыматка караганда, Свердлов районундагы №33-мектеп-гимназиясынын базасында жана Биринчи Май районунун №70-гимназия-комплексинде илим, техника жана өндүрүш жумалыгынын салтанаттуу ачылышы өткөрүлдү.

Бул жумалыкка арналган иш-чаранын алкагында №33-мектеп-гимназиясында майрамдык концерт, “Илим жана экономика балдардын көз карашы менен” жана илимий-практикалык моделдер сүрөт көргөзмөсү болуп өттү. Свердлов районунун Балдар чыгармачылык борборунун мугалимдери тарабынан сүрөттөөчү-прикладдык чыгармачылык, авиамоделдөө жана шахмат боюнча мастер-класстар өткөрүлдү. Мындай иш-чаралар Биринчи Май районунун мектептеринде да өткөрүлөт.

Илим, техника жана өндүрүш республикалык жумалыгы Кыргызстандын жалпы билим берүү мекемелеринде жыл сайын февраль айында болот. Анын максаты - жаштардын илим алуусун өнүктүрүү, өлкөнүн экономикасы өнүгүү үчүн сапаттуу билим берүүнү жогорулатуу. Аталган иш-чарага республиканын техникалык окуу жайлары, мектептери, Балдар чыгармачылык борбору жана Республикалык “Алтын түйүн” инженердик-техникалык балдар академиясынын окуучулары катышат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: