Нуркамил Мадалиев: "Солтон-Сарыда өз алдынча кен казгандар күнүнө 400 сом гана табышууда"
"Солтон-Сары
жайлоосундагы кокту-колоттордо өз бетинче иштеп
жаткан кен казуучулар атайын адистиги бар өкүлдөр эмес. Алар "жапайы" ыкмага салып иштешип, күнүмдүк тапкан акчасы болгону 400 сомдон бааланып
жатыптыр". Мындай пикирди депутат Нуркамил Мадалиев 11-февралда "Парламент" радиосундагы маегинде билдирди.
Автор: Автандил Добулбеков
Депутаттын айтымында, мыйзамсыз иштеп жатышкан карапайым жумушчулардын тапкан продукцияларын кимге өткөрөрү такталып, мамлекет кен байлыктарды иштетүүнүн жаңы ыкмаларын иштеп чыгышы керек. "Кен байлыктарынын запасы 100 килограммга жетип-жетпеген деле аймактар бар. Андай аз көлөмгө инвесторлордун келиши кыйын. Ошондуктан кен байлыктарды иштетүүдө мамлекет жергиликтүү шарттагы ишти тартып кете ала турган тараптарга да мүмкүнчүлүк бериш керек",- дейт Мадалиев.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
11:48
2025-07-23

10:24
2025-07-21

Рейтинг:
0

