super.kg logo

Бурятиядагы жаш кыргызстандыктар патент алуу үчүн орус тили боюнча сынак тапшырганда кыйналышууда

 

Кыргызстан эгемендүүлүгүн алган жылдардан кийин мектеп босогосун аттаган кыргызстандыктар Орусиянын Бурятия Республикасында патент алуу үчүн сынак тапшырганда, билимдин жетишсиздигинен кыйналышууда. Бул тууралуу бүгүн, 11-февралда SUPER.KG порталына аталган республиканын Улан-Удэ шаарындагы кыргыз диаспорасынын кеңешчиси Алымбек Абжамилов билдирди.

Анын айтымында, миграциялык саясат татаалдашып, 1991-жылдан кийин мектепте окуп баштаган балдардын билим деңгээли аябай начар экен. "Алар экзамен тапшыра албай жатышат. Айрымдары өз фамилияларын туура жаза албайт экен. Кээ бири үчүн грамматика, орусча оозеки сүйлөө жана логика суроолору кыйынчылык жаратып жатат. Эми биз тестирлөө жүргүзүп жаткан адамдардан "кыргызстандыктарга кичине жеңилдик кылгыла, анткени бизде гана орус тили - расмий тил" деп көндүрүп, жардам сурап жатабыз",- деди мекендеш.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: