super.kg logo

Өлкөнүн айрым аймактарында аба ырайынын кескин өзгөрүшү күтүлөт

 

2015-жылдын 12-февралынан 17-февралына чейин өлкө аймагында өзгөрмөлүү аба ырайы күтүлөт. Бул тууралуу бүгүн, 11-февралда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.  

Маалыматка ылайык, Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында мезгил-мезгили менен жамгыр, кар, тоо этектеринде жана тоолуу райондордо кар жаайт. Кээ бир райондордо жаан-чачындын арбын жаашы күтүлөт. Абанын температурасы өрөөндөрдө түнкүсүн 0...5°С жылуулуктан -2...-7°С суукка чейин, күндүз +3...+8°С жылуулуктан 0...-5°С суукка чейин өзгөрүлүп турат. Тоо этектеринде түнкүсүн -5...-10°С суукка чейин, күндүз 0...-5° суукка чейин төмөндөйт, тоолуу райондордо түнкүсүн -20…-25°С суук, күндүз -7…-12°С суук болушу күтүлөт. Мындай аба ырайы кыштоо жайыттарда малды кармоону кыйындатып, унаа, байланыш түйүндөрүн, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин татаалдатат. 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: