super.kg logo

Ырчы Айыма Айылчиева Казакстанда музыкалык тажрыйбасын жогорулатууда

 

Кыргызстандык жаш ырчы Айыма Айылчиева казакстандык продюсердик борборлордун бири уюштурган долбоорго катышып, анын 2-туруна өттү. Бул тууралуу бүгүн, 11-февралда ырчынын менеджери Мирзада Майчинова SUPER.KG порталына билдирди.

Маалым болгондой, долбоор таланттууларды тарбиялап, жергиликтүү жана эл аралык сынактарга даярдайт.

“Айыма учурда долбоордун алкагында 3 айлык стажировкадан өтүүдө. Ал долбоор аркылуу Кыргызстандын атынан чет элдик фестиваль, сынактарга катышууга көбүрөөк мүмкүнчүлүк түзүлөт. Айыма - максатына жете билген жоопкерчиликтүү кыз. Ата-энесинин ишеничин актап, бийиктиктерди багынтуу үчүн Казакстанда музыкалык тажрыйбасын жогорулатып жатат”,- дейт Мирзада Майчинова.

Эске салсак, 17 жаштагы Айыма Айылчиева Украинанын Киев шаарында өткөрүлгөн “X-Factor 5” сынагына катышып, сынактын тандоо турларынан өткөн. Долбоордун уюштуруучулары иштешүү боюнча келишимге кол коюуну сунушташкан. Бирок долбоор узакка созулгандыктан, жаш ырчы андан баш тарткан.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: