Өткөн суткада өлкөдө 5 өрт кырсыгы катталып, Ошто азык-түлүк сатуучу дүкөндөрдүн биринен өрт чыкты
Жарандык коргонуунун Өрткө каршы күрөшүү кызматынын маалыматы боюнча, өткөн суткада республиканын аймагында 5 өрт кырсыгы катталып, аларды өчүрүүгө 6 өрт өчүрүү бөлүмү тартылган. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
Автор: Мальвина Уметбекова
Ош шаарындагы Көкүмбий көчөсүндөгү батирлердин биринен өрт кырсыгы катталган. Анын кесепетинен бөлмөдөгү 2 сандык, 25 жууркан жана үй оокаттары толугу менен күйүп кеткен. Ошондой эле Кара-Суу көчөсүндөгү азык-түлүк дүкөндөрүнүн биринен өрт чыкты. Анын кесепетинен дүкөндүн 4 чарчы метр шыбы жана сатыкка коюлган товарлар күйгөн. Учурда өрттүн келип чыгуу себеби такталууда.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:35
2025-06-28

17:50
2025-06-27
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.