Бишкектеги "Элдик лотереянын" кеңсеси милиция кызматкерлери тарабынан тинтүүгө алынды

Борбор калаада "Элдик лотерея" ачык акционердик коомунун кеңсесинде тинтүү иштери жүрүүдө. Бул тууралуу бүгүн, 11-февралда SUPER.KG порталына күч органдарындагы өздүк булактар билдиришти.
Маалыматка ылайык, бүгүн кечке жуук аталган ишкананын кеңсесине келген бет капчан жана куралчан милиция кызматкерлери тинтүү иштерин жүргүзүшкөн. Алдын ала маалыматтарга ылайык, аталган ишкана "алдамчылык" беренеси боюнча айыпталууда.
Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы маалыматты тастыктап: "Учурда "Элдик лотереяда" оперативдик издөө иштери жүрүүдө. Эмне себептен жана кайсы берене боюнча кылмыш иши козголгондугу тууралуу эч кандай маалымат бере албайбыз. Бул тууралуу толук маалымат эртең берилет",- деп билдирди.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:35
2025-06-28

17:50
2025-06-27
Рейтинг:
0

30000000 сом койду откондо анан аны уткан адамды корсотпой койгон экенго ушул жагы да гумон да?