“Халифат курууга үндөгөн” деп айыпталган мечит имамы эки айга тергөө абагына камалды
“Халифат курууга үндөгөн” деп айыпталган мечит имамы Рашод Камалов эки айга тергөө абагына камалды. Бул тууралуу бүгүн, 11-февралда Ош шаардык ички иштер башкармалыгынан билдиришти.
Айта кетсек, 1978-жылы туулган Рашод Камалов Кара-Суу шаарындагы “Ас-Сараксий” мечитинин имамы болгон. Ал уюлдук телефон жана интернет аркылуу жарандарды халифат курууга үндөп, Сириядагы согушка аттанууга чакырык таратканы үчүн айыпталууда. Анын жашаган жерин тинтүүгө алуу учурунда экстремисттик маанайдагы китептер жана башка буюмдар табылган. Бул боюнча кылмыш иши козголуп, Камалов убактылуу кармоочу жайга киргизилген эле.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
17:50
2025-06-27
Рейтинг:
0

Кайсы сексуалдыкты айтып жатасын кана???
Мусульман эместердин сайтынан кругозор алып, коомго шалтак болбогула!