super.kg logo
  Саясат  

Германия Кыргызстандын жарандары үчүн визалык режимди жеңилдетиши мүмкүн

 

Жогорку Кеңештин вице-спикери Асия Сасыкбаева 11-февралда Германия Бундестагынын экс-вице-спикери, Германиянын мурдагы федералдык министри Эдуард Освальд менен жолугушту. Вице-спикер Кыргызстандын Европа биримдиги менен кызматташуусундагы Германиянын өзгөчө ордун белгилеп: "Германия -Кыргызстандын приоритеттүү өнөктөштөрүнүн бири. Кыргыз тарап бүгүнкү күндө көп кырдуу, жемиштүү мүнөздөгү эки тараптуу кызматташууну өнүктүрүүгө даяр",- деп билдирди. 

Жолугушууда парламенттер аралык мамилелерди бекемдөө тууралуу сүйлөшүү болгонун билдирет ЖКнын маалымат кызматы. 

Освальд Германия тарап Кыргызстандагы демократия баалуулуктарын жана парламентаризмди өнүктүрүүгө көмөктөшүүнү улантарын айтты. "Биз Кыргызстандын парламентине болуучу шайлоолорго даярдыктардын жүрүшүнө чоң кызыгуу менен байкоо салып жатабыз. Биздин оюбузча, алдыдагы парламенттик шайлоолор өлкөнүн өнүгүшүндө чечүүчү ролду ойнойт. Анткени анын жыйынтыктары Кыргызстандагы парламенттик демократиянын жетишилген деңгээлинин көрсөткүчү болуп эсептелет",- дейт Освальд.

Жолугушууда кыргыз тараптын Кыргызстан жарандары үчүн визалык режимди жеңилдетүү сунушу дагы талкууланып, Освальд бул багытта тиешелүү сүйлөшүүлөрдү жүргүзөрүн белгиледи.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: