Бишкек-Ош унаа жолунда бензовоз кулап, 10 тоннадай керосин төгүлдү





11-февралда саат 17:50 чамасында Бишкек-Ош унаа жолунун 95-чакырымында DAV үлгүсүндөгү унаа (мамлекеттик номуру S 0153 AK) 37 тонна авиакеросин жүктөп бара жатып кырсыкка учурады. Унаанын дөңгөлөгү жарылгандыктан, жол четине оодарылып кеткен. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдиргендей, жерге 10 тоннадай авиакеросин төгүлгөн, жанынан аккан Кара-Балта суусуна жеткен эмес.
Окуя болгон жерге ӨКМнын Жайыл райондук бөлүмүнүн куткаруучулары чыгышканы, күйүүчү май ташуучу кошумча унаа чакыртылып, оодарылган унаада калган керосинди куюп кетишкени айтылды. Жабыркаган жана каза болгондор жок.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:35
2025-06-28

17:50
2025-06-27
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.