super.kg logo

Акыркы суткада өлкөдө 8 өрт кырсыгы катталып, Кемин районунда 800 тонналык ангардан өрт чыкты

 
Жарандык коргонуунун Өрткө каршы күрөшүү кызматынын маалыматы боюнча, республиканын аймагында 8 өрт кырсыгы катталып, аларды өчүрүүгө 10 өрт өчүрүү бөлүмү тартылган. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти. 
Кемин районуна караштуу Тегирменти айылында 800 тонналык темир ангарда өрт кырсыгы катталды. Анын кесепетинен жыйналган эндей 8 тонна чөп, эшик жагында жыйналган 120 түк чөп, 0,5 жыгач шып, 110 тонна картошка жана ГАЗ-53 үлгүсүндөгү унаа күйүп кетти. Өрттүн келип чыгуусуна тамеки чегүүдөгү этиятсыздык себеп болгон. Ошондой эле Кочкор районуна караштуу Кара-Суу айылында жыгач устундуу, шифер жабылган 35 чарчы метр очоккананын чатыры, 200 килограмм тезек жана жүн күйгөн. Өрттүн келип чыгуусуна электр жабдууларынын туура эмес куралышы себеп болгон. 





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: