super.kg logo

"Элдик лотереянын" кеңсеси мыйзамсыз берилген лицензия боюнча текшерилүүдө

 

Борбордогу "Элдик лотерея" ачык акционердик коомунун кеңсеси ага карата козголгон кылмыш ишинин негизинде текшерилүүдө. Тинтүү иштери кечээ да жүргөн, бүгүн ишкананын бардык документтери текшерүүгө алынып жатат. Бул тууралуу бүгүн, 12-февралда Ички иштер министрлигинен билдиришти.  

Маалыматка ылайык, Башкы прокуратура аталган акционердик коомго КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 304-беренеси боюнча кылмыш ишин козгогон. Иликтөө иштери Бишкек шаарынын Башкы тергөө башкармалыгына тапшырылган. Белгилүү болгондой, аталган ишканага убагында мыйзамсыз лицензия берилген. Ага Ак үйдөгү айрым чоңдордордун да тиешеси бар. Бирок алардын аты-жөнү тергөө амалдарынын кызыкчылыгы үчүн аталбайт. 

Айта кетсек, кечээ кечке жуук аталган ишкананын кеңсесине келген бет капчан жана куралчан милиция кызматкерлери тинтүү иштерин жүргүзүшкөн.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
12.02.2015. 11:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
утулган акчаларды чын эле берип атабы-бербей жатабы текшергиле. Биз жактан эч ким утпай жатат.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: