Ахматбек Келдибековдун соту 20-февралга белгиленди
Депутат Ахматбек Келдибековдун соту 20-февралга белгиленди. Бул тууралуу SUPER.KG`ге депутаттын жактоочусу Татьяна Чильникина бүгүн, 12-февралда билдирди. "11-февралда Биринчи Май райондук сотуна кайрылып, Келдибековго козголгон кылмыш ишине байланыштуу сот ишин кайра жандантууну өтүнгөнбүз. Соттук отурум 20-февралга белгиленгенин билдиришти",- деди Чильникина.
Автор: Жамалидин Парманкулов
Эскерте кетсек, Келдибеков "коррупция" жана "кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу" беренелери боюнча айыпталып, 2013-жылдын күз мезгилинде камакка алынган эле. Былтыр август айында ден соолугуна байланыштуу чет өлкөгө дарыланууга кетип, 10-февралда Бишкекке кайтып келди.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
16:11
2025-11-10
15:14
2025-11-10
Рейтинг:
2
2
Талкуу жабык.

Супер-Инфо
super.kg видео
















