Депутаттар ооруканада жаткан 2 жашар Ибрагимге айлыктарынын эсебинен акча бөлүүнү демилгелешти
Депутат Айнуру Алтыбаева кесиптештерин зомбулукка кабылып, учурда ооруканада жаткан 2 жашар Ибрагимге айлыктарынын эсебинен акча бөлүүгө чакырды. Мындай сунуш бүгүн, 12-февралда парламент жыйынында айтылды. Оор абалда жаткан 2 жашар бала жардамга муктаж экенин айткан депутат: "Баланын апасы жок, атасы камакта. Учурда анын ден соолугу үчүн дарыгерлер күрөшүп жатышат. Биз аны багып жаткан адамдарга жана дары-дармек сатып алууга айлыктарыбыздан акча бөлүп берсек туура болмок",- деди.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
16:11
2025-11-10
15:14
2025-11-10
Рейтинг:
2
2
Талкуу жабык.

Супер-Инфо
super.kg видео
















