super.kg logo

Жогорку Кеңештин күбөлүгү жана тапанча менен түшкөн сүрөтүн интернетке чыгарган жигит суракка алынды

 

Интернеттеги социалдык түйүндөрдүн бирине тапанча жана Жогорку Кеңештин күбөлүгүн кармаган сүрөтүн чыгарган жигиттин кайсы бир кылмышка катыштыгы бар же жогу текшерилүүдө. Бул тууралуу бүгүн, 12-февралда SUPER.KG порталына Октябрь РИИБинин башчысынын орун басары Уланбек Султанов билдирди. 

Маалыматка ылайык, бир нече күн мурун интенеттеги социалдык түйүндөрдүн биринде тапанча жана Жогорку Кеңештин күбөлүгүн кармаган сүрөтүн коомчулукка чыгарган жигитти издөө иштери жүрө баштаган. 

"Жүргүзүлгөн иликтөө иштеринин алкагында кечээ милиция бөлүмүнө аталган сүрөттөгү 21 жаштагы И.Калыбеков алынып келинди. Учурда сүрөттө көрсөтүлгөн Жогорку Кеңештин күбөлүгү жана тапанча менен кандайдыр бир кылмыш иштерине тиешеси бар же жогу аныкталууда. Иликтөөнүн жыйынтыгы менен кылмыш ишин козгоо же козгобоо боюнча маселеси каралат",- дейт У.Султанов. 

Алдын ала маалыматтарга ылайык, аталган жигиттин үйүнөн эч кандай жазуусу жок, сериялык номуру бар Жогорку Кеңештин көбөлүгү жана газ-травматикалык тапанчасы алынды. Иликтөө иштеринин алкагында тапанча анын атасынын наамына жазылгандыгы аныкталды. Азыркы тапта чогултулган материалдар Октябрь РИИБинин тергөө бөлүмүнө өткөрүлүп берилип, иликтөө иштери улантылууда. 

 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(8)
12.02.2015. 15:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Оюндан от чыгат болуптур го тазза...
12.02.2015. 15:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Кылмыш козгой алышпайт чамасы. Бардар үй бүлөөдөн экени билинип турат.
12.02.2015. 23:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Begimkyz.,суротко тушуп койгонго кылмыш иши козголбойт.
12.02.2015. 15:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Понтавать этпей жон эле журсон болмок балакай!
12.02.2015. 16:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Койрондонбой эле койбоптур. Эмне бул куболук да базарда сатылып калганбы?
12.02.2015. 19:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ХХХ да атасынын акчасына копкон
Модератор admin_superstan түзөттү 2015-02-13 11:36:39
13.02.2015. 11:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
zinger92, жаргон сөздөргө тыюу салынган! Билдирүүңүз түзөтүлдү!
12.02.2015. 20:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Атын чыкпаса жер орттобойт белен
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: