Астанадагы көчөлөрдүн бирине Чыңгыз Айтматовдун ысымы ыйгарылат

“Казак элинин ассамблеясы: жаралуу тарыхы, ишмердүүлүгү жана маанилүүлүгү” аталышындагы тегерек столдун жүрүшүндө “Кыргызстан-Астана” этномаданият бирикмесинин жетекчиси Шавкат Исмаилов Астанадагы көчөлөрдүн бирине Чыңгыз Айтматовдун ысымы ыйгарыларын билдирди. Бул тууралуу 11-февралда казакстандык басылмалар жазып чыгышты.
Автор: Айпери Ганыжан кызы
"Астанада Ч.Айтматов атындагы көчө ачылат. Муну өкмөт бекитип берген, Юстиция министрлигине каттоо гана калды. Көчөнүн ачылышын салтанат менен өткөрүүгө ниет кылып жатабыз",- дейт Шавкат Исмаилов.
Кыргыз этномаданияттык бирикмесинин жетекчиси бүгүнкү күндө Казакстанда 27 миңге жакын кыргыз жашаарын кошумчалап өттү. "Кыргыздар кайсы жерлерде иштеп жатышканын атайын көрүп чыктым. Коргоо министрлигинде 4 полковник бар. Каржы полициясында бар. KazTransOil департаментинин директору - кыргыз. Жеке ишкерлер бар. Бул Казакстандын башка улуттарга болгон мамилесин көрсөтөт",- дейт ал.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
8:35
2025-06-26

Рейтинг:
0

Комментарийлер(1)
duldul

12.02.2015. 12:47
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
аябай жакшы чынгыз атамдын меенети бар
1 |
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.