Жогорку Кеңештин төрагасынын фондунан ооруканада жаткан 2 жашар Ибрагимге акча бөлүндү
Жогорку Кеңештин төрагасынын орун басары Төрөбай Зулпукаров зомбулукка кабылып ооруканада жаткан 2 жашар Ибрагимге парламент төрагасынын фондунан акча бөлүнгөнүн айтты. Анын билдиришинче, парламент аппаратынын кызматкерлери ооруканага барып, баланын абалы менен таанышып келишти. "Ибрагимдин оор абалдан чыкканы тууралуу жакшы кабар алдык. Мындан ары да ага парламент тарабынан жардам көрсөтүлөт",- деп билдирди Зулпукаров.
Айта кетсек, бүгүнкү парламент жыйынында депутат Айнуру Алтыбаева кесиптештерин ооруканада жаткан 2 жашар Ибрагимге айлыктарынын эсебинен акча бөлүүгө чакырган.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
11:48
2025-07-23

10:24
2025-07-21

Рейтинг:
0

