Депутаттар банктар насыяларды сом менен бериши керектигин айтышууда
Жогорку Кеңештин депутаттары Кыргызстандагы банктар насыяларды сом менен бериши керектигин айтышууда. Парламенттин 12-февралдагы жыйынында депутат Ыргал Кадыралиева насыяларды доллар менен алган көптөгөн жарандар доллардын курсунун өсүп кетишинен улам карыздарын төлөй албай жатышканын айтат. Насыялардын пайыздык чени боюнча депутат Элмира Жумалиева Улуттук банкты айыптады. "Банктар пайыздык үстөктөрдү төмөндөтүүгө аракет кылгандын ордуна жогорулатып жатышат. Өкмөт ишкерлерди колдоо боюнча маселе караган жок. Улуттук банктын жүргүзүп жаткан саясаты түшүнүксүз”,- дейт депутат.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
11:48
2025-07-23

10:24
2025-07-21

Рейтинг:
0

