super.kg logo
  Саясат  

Парламент: "Жунда" заводу депутат менен чиновниктин ортосунда түшүнбөстүк жаратты

 
Бүгүн, 12-февралда Кара-Балта шаарындагы "Жунда" ишканасы депутат Кантемир Мурзабеков менен өкмөткө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарба мамлекеттик агенттигинин башчысынын орун басары Рустам Абдыкалыковдун ортосунда пикир келишпестик жаратты.
Депутаттын айтымында, аталган ишканадан чыккан жагымсыз жыт Кара-Балта шаарын каптоодо. "Жергиликтүү тургундар буга көптөн бери арызданышууда, бирок эч кандай чара көрүлбөй жатат",- деди Мурзабеков.
Буга чиновник "Биз текшерүү өткөргөнбүз, бирок нормадан ашыкча көрсөткүч болгону аныкталган эмес. Эч кандай жагымсыз жыт чыкпайт" деп жооп берди. Мындай жоопко канааттанбаган депутат "Сиз ал жерге барганда сасык тумоо менен ооруп калсаңыз керек. Ал жерде чыдагыс жагымсыз жыт чыгып турат!" деди.
Айта кетсек, буга чейин Кара-Балтанын тургундары “Жунда” мунай иштетүүчү ишканасынан шаарга кеткен борбордук канализацияны токтотуп, башкасын орнотуу талабын айтышкан. Бул маселе Жогорку Кеңеште өткөн жылдын декабрында көтөрүлгөндө премьер-министр ишканада экологиялык көйгөйлөр көп экенин айткан.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: