super.kg logo

Кыргызстандагы кытайлык компаниянын кызматкерлери "укук коргоочу Токтайым Үмөталиева шылуундарды жактап, инвесторлорду качырып жатат" дешти

 

Биоактивдүү кошулмалары бар азыктарды сатуу менен алектенген кытайлык “ИПАР” компаниясынын кызматкерлери укук коргоочу Токтайым Үмөталиевага болгон нааразычылыгын бүгүн, 12-февралда берген маалымат жыйынында билдиришти. 

Алардын айтымында, Т.Үмөталиева кытайлык ишкердин Кыргызстанга салган ишканасын рейдерлик жол менен басып алган Хуршида Исмаилова деген Кыргызстандын жаранын жактап, Кыргызстандын инвесторлорун качырууда. Исмаилова компаниянын жетекчиси катары катталып алып, кызматкерлер үчүн салынган турак жайдын келишимдерин өзгөртүп, үстөк пайыз кошуп алганын айтышты.

“Исмаилова компанияда эсепчи катары иштеп жүргөн, кийин компаниянын ээси ишкананы анын атына каттатып койгон. Бүгүнкү күндө компанияны кайра инвестордун өзүнө бербей жатат. Биз кайра кайтарып берүүсүн талап кылып жатабыз. Укук коргоочу Токтайым Үмөталиева Кыргызстанга зыян алып келгендерди жактап, бизди "лицензиясы жок" деп негизсиз айыптап, инвестициялык климатка зыян алып келүүдө. Ошондой эле "компаниянын артында чиновниктер турушат" деп айтууда. Бул карандай калп. Компания Кыргызстандагы татаал кырдаалдарга карабай 8 миллион долларлык инвестиция салып, завод курган. Бул Кыргызстандын экономикалык ири булагы. Ошондой эле Исмаилова компаниянын Бишкектеги жерин тартып алган. Биз бул жерге завод курушубуз керек эле, ишибиз токтоп турат. Компания бизге эки көп кабаттуу үй салып берген”,- дешти компания кызматкерлери.

Исмаилова “алдамчылык кылды, анын айынан чет элдик инвестор жабыркады” деген негиз менен 9 ай мурун убактылуу кармоочу жайга камалган. 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(6)
12.02.2015. 19:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ушу Токтайым деген аял озун эле аябай акылдуу сезет экен. Бир нерсеге тушунуп-тушунбой эле озунун кызыкчылыгы учун ажылдай берет.
Модератор admin_superstan түзөттү 2015-02-13 11:33:47
13.02.2015. 10:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Коп мамлекеттерде Токтоайымдын кируусуно тыюуу салынган. Акча учун кыргыздын кызыкчылыгын сатып жиберет.
13.02.2015. 11:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ушул аял жашы деле ойдолоп калды, Мотуев айткандай уйдо идиш-аягын башкарып, неберелерин эркелетип эле отурса болгудай. Кайда болсо журот ажылдап тушунуп- тушунбой эле
13.02.2015. 21:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Т.Уметалиева деген аял бул укук коргоочу эмес эле кылмышкерлерди коргоочу аял экен. акча дегенде жанын берет. Уят эле
13.02.2015. 21:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
карапайым элге жардам бергендин ордуна кылмышкерлерди колдоп жатат. эгер ушунча адамдын уйун тартып алса убалына калат. кыргыз эли намыской токтайам менен хуршиданы ташбаранга алышат. соддун адилетуулугуно ишенебиз кылмышкерлерге оз жазасын берет
14.02.2015. 00:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Президент болом деп жетпей калды элее. Шайланып калса шорубуз шорподой кайнамак экен
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: