Бишкектеги унаага май куюучу жайларды шаар сыртына чыгаруу боюнча сот иштери жүрүп жатат
Жогорку Кеңештин 12-февралдагы жыйынында "Экологиялык экспертиза жөнүндө" мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" мыйзам долбоору 1-окууда каралды. Айлана-чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигинин директорунун орун басары Абдыкалык Рустамовдун айтымында, мыйзам долбоору мамлекеттик экологиялык экспертиза жүргүзүүдө акы төлөөгө тиешелүү жол-жоболорду алып салуу үчүн иштелип чыккан.
Талкууда депутат Эркин Сакебаев чет өлкөлөрдү мисал келтирүү менен Бишкек шаарынын ичиндеги унаага май куюучу жайларды шаар сыртына чыгаруу маселесин көтөрдү. Мамлекеттик экологиялык-техникалык экспертиза мекемесинин өкүлү бул боюнча сот иштери жүрүп жатканын айтты.
Мыйзам долбоору добуш берүүгө жөнөтүлдү.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
11:48
2025-07-23

10:24
2025-07-21

Рейтинг:
0

