Жогорку Соттун басма сөз катчысы Кыргызстандын Малайзиядагы элчилигинде болду
Жогорку Соттун басма сөз катчысы Айнура Токтошева


Жогорку Соттун басма сөз катчысы Айнура Токтошева

Айнура Токтошева КРнын Малайзиядагы элчилигиндеги "Ардактуу коноктор" китебине куттуктоо сөзүн жазып кетти.
Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун басма сөз катчысы Айнура Токтошева жана Малайзияга мамлекеттик иш сапар менен барган делегациядагы журналисттер бүгүн, 12-февралда КРнын аталган өлкөдөгү элчилигинде болушту.
Автор: Айпери Ганыжан кызы, Гүлзат Мамытканова
Алар Малайзиядагы Кыргызстандын элчиси Кылычбек Султанов менен жолугушуп, делегациянын журналисттеринин атынан Айнура Токтошева мекемедеги "Ардактуу коноктор" китебине куттуктоо сөзүн жазды. Ал элчиликтин ишине ийгилик каалап, мекеме эки өлкө ортосундагы байланышты бекемдээрине ишенерин билдирди. "Кыргызстандын кызыкчылыгын коргоп жаткан элчиликтин иши жемиштүү болсун",- деди Айнура Токтошева.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
11:48
2025-07-23

10:24
2025-07-21

Рейтинг:
0

