super.kg logo
  Саясат  

Депутаттар Аида Салянованы мамлекеттик күзөт кызматы менен камсыздоону суранышты

 

Бүгүн, 12-февралда парламент жыйынында депутат Асия Сасыкбаева айым депутаттардын атынан президенттик аппараттан мурунку башкы прокурор Аида Салянованы мамлекеттик күзөт кызматы менен камсыздап берүүнү суранды.

А.Салянова маалымат жыйын өткөрүп, ага карата коркутуулар болуп жаткандыгын айткан депутат: "Жакын арада депутат айымдардын атынан А.Салянованы мамлекеттик күзөт кызматы менен камсыздоо суранычы менен арыз беребиз. Эгер мурунку башкы прокурорго бир нерсе болуп кетсе, өкмөт, президенттик аппарат жооп берет",- деди Сасыкбаева.

Президенттин парламенттеги өкүлү Молдакун Абдылдаев буга төмөнкүдөй жооп берди: "Кыргызстанда мамлекеттик күзөт кызматы менен жогорку деңгээлдеги адамдар - президент, парламент төрагасы, өкмөт башчысы, Жогорку Соттун төрайымы камсыздалат. Эгер депутат кат жүзүндө кайрылса, ага да мүмкүнчүлүк бар. Ал эми башкы прокурорго мамлекеттик күзөт кызматы каралган эмес. Бирок президент анын эмгегин баалап, өзүнүн сунушу менен күзөт кызматын бөлүп берген болчу. 

Экинчиден, мурунку башкы прокурор ага карата коркутуулар тууралуу ички иштер органдарына кайрылган эмес. Анын мындай укугу бар. Эгер арыз менен өзү жашаган жердеги милиция бөлүмүнө кайрылса, укук коргоочулар күзөткө алышат".

Айта кетсек, Аида Салянова кечээ маалымат жыйынында өзүн кайтарган мамлекеттик күзөт кызматы алынганын билдирген эле. 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: