Жаза аткаруу мамлекеттик кызматына караштуу медициналык мекемелерде абал оор
Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын Медициналык-санитардык камсыздоону уюштуруу башкармалыгына караштуу 13 медициналык-санитардык бөлүм, 2 борбор жана 4 стационардык дарылоо мекемеси бар. Муну 12-февралда ЖАМКнын маалымат кызматы билдирди. Аталган мекемелерде бейтаптар үчүн жалпы 972 орун бар экени айтылды. "Мекемелерде медициналык кызматкерлер жетишпейт, айлыктын аздыгынан кадрлар иштегени келбей жатышат. Медициналык жайлардын материалдык-техникалык базасы кейиштүү абалда. Медициналык жабдуулардын көбү өткөн кылымдын 70-жылдарында чыгарылган" деп айтылат маалыматта.
Абактардын ооруканаларынан көбүнчө кургак учук менен жабыркагандар көз жумары кошумчаланды.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
11:48
2025-07-23

10:24
2025-07-21

Рейтинг:
0

