Журналисттер, ырчылар жана "тамашоучулар" Кыргызстандын Малайзиядагы элчилигинде болушту






"Супер-Инфонун" жолдомосун алган ырчылар Нурлан Насип, Сайкал Садыбакасова жана Малайзиядагы кыргызстандыктардын биримдигинин чакыруусу менен барган "тамашоучулар" Бакыт Осмонканов менен Жеңиш Майрамбек уулу, мамлекеттик иш сапардын алкагында Малайзияга барган кыргыз делегациясынын мүчөлөрү, журналисттер бүгүн, 12-февралда аталган өлкөдөгү Кыргызстандын элчилигинде болушту. Алар Кыргызстандын Малайзиядагы элчиси Кылычбек Султанов менен жолугушуп, мекемедеги "Ардактуу коноктор" китебине куттуктоо сөзүн жазып кетишти. Жолугушуунун катышуучулары элчиликтин ишине ийгилик каалап, Кыргызстан менен Малайзиянын ортосундагы кызматташтыктын мындан ары да бекемделишине тилектештигин билдиришти.
Автор: Айпери Ганыжан кызы, Гүлзат Мамытканова
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
11:48
2025-07-23

10:24
2025-07-21

Рейтинг:
0

