super.kg logo

Алиша Диа, Рахат Божокоева, Жаныш Майр тартылган "Кекеч" тасмасы эл назарына коюлду

 
Тасмада актриса Алиша Диа эрке, бирок боорукер кыздын ролун аткарган.
Фильмде башкы каарман - кекеч жигиттин образын ачкан 18 жаштагы Нурак Өмүрбеков.
Эрнест Абдыжапаров тасма жаратуучулар менен тааныштырды.
КРнын Маданият, маалымат жана туризм министри Алтынбек Максүтов: "Мен бул тасмада эпизоддук ролго катышкан элем. Бирок ал учур фильмде бар-жогун билбейм. Дегеним, Эрнест агай дайыма эле тасмасына тартат. Анан ал кинону көрө келгенде эле мен катышкан жери алынып салынган болот",- деп залда отургандарды күлдүрүп өттү.
Актрисалар Алиша Диа, Рахат Божокоева, Айнура Чанчарбаева. Рахат Божокоева: "Тасма абдан таасир калтырды. Мүнөзүм өзгөрүп, жашоого олуттуу көз караш менен карап калдым".
Алиша Диа: "Тасмада мен аябай чукчуңдаган эмес, токтоо каармандын образын жараттым".
Тасмада актёр Жаныш Майр кекеч жигиттин агасынын ролун жараткан.
Режиссёр Эрнест Абдыжапаров: "Тасма каармандарына ыраазы болдум. Баары жеткиликтүү аткарып беришти".
Тасманын бет ачарына келишкен ырчы Неля жана алып баруучу Нурзат Токтосунова.
Тасмадан үзүндү.

Бүгүн, 12-февралда Бишкектеги “Манас” кинотеатрында режиссёр Эрнест Абдыжапаров “Кекеч” аталышындагы тасмасын эл назарына койду. Фильмдин бет ачар аземине КРнын Маданият, маалымат жана туризм министри Алтынбек Максүтов, режиссёрдун жакындары, тасманын көркүн ачкан каармандар, шоу чөйрөнүн өкүлдөрү келишти.

Фильмдин сценарийинин автору - Эрнест Абдыжапаров, экинчи режиссёру - Перизат Эрнест кызы, оператору - Санжар Абдыжапаров, сүрөтчүсү - Улан Азиев, композитору - Мирзали Жээнбаев, продюсери - Сүйүмкан Сулайманова. Ал эми каармандардын келбетин жана кийиминин көркүн Замира Молдошева караган. Башкы каармандардын образын Нурак Өмүрбеков, Жаныш Майр, Рахат Божокоева, Алиша Диа, Айнура Чанчарбаева ойношкон.

Тасманын мазмунуна токтолсок, анда балдар үйүнөн тарбияланып чыгышкан эки бир туугандын жашоосу сүрөттөлөт. Бакыт такси айдап жашоо менен күрөшсө, Нурак консерваторияда окуган кекеч жигит болот. Музыка жаатында билим алган Нурактын башына сүйүү келип, ага жетүүгө кекечтиги тоскоолдук жаратат. Фильмдин сюжети мындан ары өрчүп, каармандардын жашоосу жагымдуу бурулуш жасайт.

“Мен кичине кезимде кекеч болчумун. Апам айылдан шаарга алып келип логопедге көргөзүп жүрүп ал кемчилигим бара-бара жоюлду. Бул тасма менен "адамдын ички дүйнөсүндө гармония болбосо такалып, кекечтенет, мүчүлүштүктөргө туш болот" деген түшүнүктү жеткирүүнү максат кылдык. Кекечтик башкы каарманда гана эмес, азыркы коомубузда да бар”,- деди фильмдин режиссёру Эрнест Абдыжапаров.

Фильмде башкы каарман - кекеч жигиттин образын ачкан 18 жаштагы Нурак Өмүрбеков буларга токтолду: “Өзүм К.Молдобасанов атындагы Улуттук консерваториянын студентимин. Тасмага кастинг аркылуу келдим. Ролго бекитилгенден кийин дароо каарманымдын ролун аткарган жокмун. Кекечтенгенди чындыкка дал келтирип аткаруу кыйын болду. Анын ыкмасын 3 ай Эрнест агайдын мастер-классынан үйрөндүм. Тасма мага кандай кыйынчылык болбосун аны жеңип, коюлган максатка жетиш керек экенин үйрөттү. Андан тышкары мурда бас-гитара, комузда ойногонду билсем, эми саксофонду өздөштүрө баштадым”.






"Кекеч" тасмасы эл назарына коюлду

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(15)
12.02.2015. 16:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Нэля жакшынакай болуп калыптыр имджин озгортуп
12.02.2015. 17:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жакшы киноо өндөнөт эми эртерээк интерге чыксын мекенибизден алыстагылар көрсун
SUPER.KG видео
13.02.2015. 13:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Бизде да баарын бири бирине топ келиштирип кино тартса болот, аны учун бизге тажрыйбалуу жана толук кандуу актёрлор жетишсиз болуп жатат ,озунун ишин мыкты билген таланттуу актёр актрсалар да бар бирок аларды баардык эле кинодон коро берсек эл жадап калат. Ошондуктан биз тажрыйбалуу актёрлордон гана аксап келебиз. Кинону элге конулго толоорлук кылып жеткирип беруу бул анын маазмунунан эмес аткарып чагылдырып берген адамдардан коз каранды.
SUPER.KG видео
13.02.2015. 13:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
коруш керек.анан жыйынтык айталам.бирок бизде тааныш билиш,ырчы чоорчу дегендей накта таланттуу киши жок.таланттуулардын баарысы театрда.
SUPER.KG видео
13.02.2015. 13:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жакшы эле кино экен озунордун колунардан кино тартыш келбегенден кийин антип суйлобой эле койгулачы алар да колунан келишинче аракет жасап тартышты да
SUPER.KG видео
13.02.2015. 17:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мен көрдүм тасманы. Жакты! Көргүлө.
SUPER.KG видео
13.02.2015. 17:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
жакшы) жакшы))Мен тиги баланы кара туско боеп тартышканго деп ойлоптурмун, ал озу ошондой экен)))народный магазиндин жанында кордум)))
SUPER.KG видео
13.02.2015. 18:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Алиша Диа, Жаныш Майр деп адамдын аллергиясын келтиришетко
SUPER.KG видео
13.02.2015. 20:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кыргыз киносу дагы бир кино менен толукталды ийгилик дагы жакшы кинолор тартылсын.
SUPER.KG видео
13.02.2015. 22:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Арасынан да бир жакшы кино чыгат деп ойлойм. Ар бир кино мыкты боло берсе боло бербейтго.
SUPER.KG видео
13.02.2015. 23:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Көруш керек экен
SUPER.KG видео
15.02.2015. 13:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
maga jakpady bul kino..tush korup kai'ra oshonu kai'talap ele buturup koi'ot eken..
SUPER.KG видео
16.02.2015. 15:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
санжар атасынын эле озу)))
SUPER.KG видео
18.02.2015. 20:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
AshatMJ89 Санжардын атасы ким белгилуу операторбу. Менда бироого окшоттум бирок табаалбадым
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: