super.kg logo
  Саясат  

Путин: "Минсктеги сүйлөшүүдө 15-февралдан баштап Украинадагы атышууларды токтотууну макулдаштык"

 
16 саатка созулган "Нормандия форматындагы" саммиттин жыйынтыгында байланышуу тобу тарабынан Минск келишимдерин ишке ашырууга багытталган документке кол коюлду. Бул тууралуу Орусия президенти Владимир Путин саммиттен кийин журналисттерге билдирди. Сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында Украинанын чыгышындагы ок атышууларды 15-февралда саат 00:00дөн баштап токтотуу тууралуу макулдашуу болгону айтылды. Путин: "Бул түн менин өмүрүмдөгү эң сонун түн эмес. Бирок таңдын келиши жакшы, анткени сүйлөшүү процессиндеги бардык кыйынчылыктарга карабай эң башкы нерсе боюнча келише алдык",- деп билдирди.  
Эскерте кетсек, 11-12-февраль күндөрү Беларустун борбору Минск шаарында Украинанын чыгышындагы кырдаалды талкуулоо боюнча "Нормандия форматындагы" саммит өтүп, ага Орусия президенти Владимир Путин, Украина президенти Пётр Порошенко, Франция президенти Франсуа Олланд жана Германия канцлери Ангела Меркель катышты. 





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: